​Батукаевди бошотуу боюнча сот 6-декабрга жылдырылды

  • 4 года мурун

Криминалдык төбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы соту 6-декабрга жылдырылды.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Батукаевге байланыштуу кийинки сот отурумдарын ачык өткөрүүнү суранарын билдирди.

Адвокаттын айтымында, мурдагы вице-премьер Шамил Атахановдун интернет түйүндөрүнө Алмазбек Атамбаев менен беттештирүүсүнүн протоколу чыгып кеткенден кийин эч кандай мамлекеттик жашыруун калган жок.

Социалдык тармактарда мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун Азиз Батукаевдин иши боюнча беттештирүүсүнүн протоколу жарыяланган.

Бүгүн, 29-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда уланган кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып барышты.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты