​УКМК: Райым Матраимов күбө катары сотко чакырылды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 29-ноябрда, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренелери боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүү алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат.

Учурда Айеркен Саймаитини коркутуу боюнча тергөө иш чаралары жүрүп жатат,- деп айтылат УКМК малыматында.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Ал иликтөөдө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин Стамбулда 10-ноябрда атып кетишти.

«Азаттык» , «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөө жарыялаган.

Коллаж сүрөттө А. Саймаити жана Р. Матраимов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты