Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйыны өтүп жатат

  • 4 года мурун

Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Ага Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жетекчилери жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда бул жолугушуунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.Расмий маалыматка караганда, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты