Жээнбеков жана Мирзиёев кызматташууну талкуулады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Ташкент шаарында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан жана Өзбекстан Президенттери көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүшүн белгилешти.

Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты