Стакеева: «Кыргызстанда абанын сапатынын индексин киргизиш керек»

  • 4 года мурун

Кыргызстанда абанын сапатынын индексин киргизиш керек.

Бул тууралуу бүгүнкү, 29-ноябрдагы, тегерек столдо «МувГрин» уюмунун төрайымы Бактыгүл Стакеева билдирди.

«Кыргызстанда абанын сапатына расмий мониторинг жүргүзүлөт. Бирок алардагы маалыматтар жумасына бир жолу микрограмм өлчөмүндө берилет. Бардык заттар боюнча уруксат берилген деңгээлдеги концентрация болот. Бирок элдин баары эле аны түшүнө бербейт. Ошондуктан бир катар өлкөлөрдө абанын сапатынын индекси колдонулат. Абанын сапаты ар кандай түстөр аркылуу көрсөтүлсө, абанын булганышынын деңгээли билинет» деди ал.

Ал индексти биздин шартыбызга ыңгайлаштырып алса болорун Стакеева белгиледи.

Айта кетсек, кийинки мезгилде Бишкекте абанын булганышы жогорку чекке жетип баратат. 20-ноябрда Бишкекте абанын булганылышы AirNow маалыматы боюнча Пекин, Нурсултан сыяктуу шаарлардагыдан ашып кеткен.

Сүрөт: MoveGreen

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты