​Түркмөнстан президенти Өзбекстанда ардактуу академик наамын алды

  • 4 года мурун

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстан Илимдер академиясынын ардактуу академиги наамын алды.

Түркмөнстан мамлекеттик басылмалары билдиргендей, наам ыйгаруу аземи кечээ, 28-ноябрда, Ташкентте өттү.

«Мен муну Түркмөнстанга көрсөтүлгөн сый-урмат, биздин өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерин таануу жана эки өлкөнүн достугунун бекемделиши катары кабыл алам» деди президент Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстан президенти Өзбекстанга эки күндүк жумуш сапары менен келген. Анын алкагында Өзбекстан жана Түркмөнстан президенттеринин жолугушуусу өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты