​Президент Ташкент шаарына учуп кетти

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарына, Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна учуп кетти.

Анда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери каралат.

Экинчи консультативдик жолугушуу алкагында Жээнбековдун Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу болот.

КР делегация тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында өткөн.

Сүрөттө: Ташкент шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты