Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Анын айтымында, бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россия Федерациясында алгачкы ирет „Эшелон“ атайын машыгуулары өткөрүлдү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселеси да дайыма көңүл борборунда болду.

Кыргызстан Президенти ошондой эле башка эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен кызматташтыктын кеңейип жатканын да белгиледи.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын террорчулук жана экстремисттик максаттарда пайдаланылышын аныктоо, анын алдын алуу жана ага бөгөт коюу маселелери боюнча ыкчам өз ара иштешүү уланууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан Уюмга төрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты