​Иранда АКШ чалгынына иштейт деген шек менен сегиз киши кармалды

  • 4 года мурун

Ирандын атайын кызматы АКШнын борбордук чалгын башкармалыгына (ЦРУ) тиешеси бар деген шек менен сегиз кишини кармады. Бул тууралуу мамлекеттик IRNA агенттиги кабарлады.

Иран бийлигинин маалыматына караганда, кармалган адамдар жарандык журналист катары иштемиш болуп, тыңчылык менен алектенишкен. Алар өлкөдөгү башаламандыктар тууралуу маалыматтарды топтоп, чет мамлекетке жиберип турушкан.

Азырынча Вашингтон бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Иранда массалык демонстрациялар ноябрдын ортосунан бери уланууда. Нааразылык алгач күйүүчү майдын кымбатташынан улам башталып, тез эле өкмөткө каршы акцияларга айланган. Митинг маалында полиция бир нече жолу демонстранттарга каршы ок-дары жана көздөн жаш агызчу газ колдонгону кабарланууда.

Укук коргоочулардын мааалыматына караганда, акция катышуучуларын таркатуу аракети маалында 100дөн ашык адам каза болуп, миңдеген киши камакка алынды.

Сүрөттө: Ирандагы нааразылык акция. 16-ноябрь 2019-жыл. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты