Жээнбековдун Токаев менен расмий жолугушуусу болду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» резиденциясынын «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.

Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегация мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки мамлекеттер башчыларынын астында ардактуу кароолдун салтанаттуу жүрүшү өттү.

Президенттер кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Андан сөн кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт.

Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты