Жээнбеков жана Токаев «Ата-Бейитке» гүл коюшту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты