Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

  • 4 года мурун

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Казакстан Президентин Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекеттик сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Ошондой эле кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны өтөт. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Жээнбеков жана Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты