​Парламентте чек ара контрабандасы талкууланат. «Жээнбековго — импичмент» дегени үчүн Карамушкинаны «уяты жок» дешти

Бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары парламент жыйынында бажыдагы контрабанда, коррупция маселеси тууралуу айтып чыгышты.

Депутат Ирина Карамушкина күн тартибине трансулуттук деп аталган бажыдагы контрабанда маселесине байланыштуу баш прокуратураны угууну сунуштады. Ошол маселеден улам депутат Карамушкина Президент Сооронбай Жээнбековдун импичментин талап кылуу керек экенин айтып чыкты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров эгер баш прокурорду уксак, буга Кой-Таш маселесин да кошууну суранды.

Ал эми депутат Азамат Арапбаев Саймаитинин өлүмү боюнча күч структураларынын баянын угу керек экенин, Президенттин импичменти тууралуу маселе көтөрүп, Ирина Карамушкина бир нече жылга кечигип калганын билдирди.

Депутат Алмазбек Токторов Карамушкинаны мурдатан билээрин, ал Атамбаевдин эски тарапташы, Карамушкинанын уяты кеч ойгонуп жатканын, фактылар мурдатан эле белгилүү экенин, мурда эле эмнеге маселе көтөрбөгөнүн, импичмент тууралуу анын ою уяты жоктуктун позициясы экенин, фейсбуктагы, Кой-Таштагы айткандары «боссун» жактоо болуп жатканын, кичине уят деген болуш керек экенин айтты.

Депутат Аалы Карашев да коомчулуктун позициясынан улам мамлекеттик структуралар комиссия түзгөнүн, импичментке негиз керектигин, элди маданиятка чакырып, мамлекет башчыга 6 жыл шарт түзүп колдоп, Жогорку Кеңешти беш жылга шайласак, шарт түзүп, беш жыл колдош керек экенин, импичмент тууралуу сөз актуалдуулугу жок экенин билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев мамлекетке тынччылык керек экенин билдирди.

Депутат Наталья Никитенко аял депутатты, Ирина Юрьевнаны мазактабаш керек экенин эскертти. Ошондой эле Текебаев Дача Су, күч структураларынын маселесин, Атамбаев тууралу уошондо эле Текебаев айтып келгенин, бирок ал үчүн эркинен ажыратылганын кошумчалады. Ал эми контрабанда тууралуу маселени козгош керектигин колдоду.

Депутат Дастан Бекешев контрабанда боюнча комитетте эки отурум болгонун, ал Жогорку Кеңеш жыйынына алынып чыга турганын, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын «Америка уюштуруп жатат» дегенин да талкуулаш керектигин, контрабанда боюнча бир кишинин аты айтылганын, Райым миллионду бүтдүйнө билип калганын кыйытты.

Ал эми депутат Жанар Акаев чыгарылган 700 млн доллар кимдин тушунда чыгарылганы белгилүү, Атамбаевдин тушунда чыгарылып кеткен, 2017-жылга чейин деп журналисттик иликтөөдө көрсөтүлүп жатат. «Атамбаев Хабибулла Абдыкадыр менен үйлөрдү курсун, мечит, резиденцияларды курдурсун. Ал маселе — өзүнчө. Атамбаев бүгүн — түрмөдө» деди Акаев.

-Бүгүн мына ошол контрабанда токтоп калдыбы? Биз ушул жерде демилгени колдоого алып, талкуулашыбыз керек.

Контрабанданы кан буугандай токтотолу. Кулматов, Адамкул Жунусовдон бери талкуулайлы, -деди Жанар Акаев.

Өкмөт, финполиция бул маселеде жөндөмсүз экенин көрсөттү. Көчөдө башка пикир, өкмөттө башка пикир болуп жатканына кейиди.

Бажыга бюджеттин акчасына берели. Электрондук жабдыктарды коелу. Контрабанда азыр да жүрүп жатат.

Депутат Турускулов ОДКБ саммити алдында контрабанда маселесин көтөрбөш керектигин белгиледи. Делегаттар келатканда жакшы жагыбызды көрсөтүш керектигин айтты.

Контрабанда тууралуу комитетте талкуу өттү. Укук коргоо органдары жарандарга, элге маалымат бериш керек. Социалдык булактарда сөз башка нукка бурулуп кетип жатканын белгиледи. . Мурунку президент учурунда маселе айтылган эмес. 2014-2017-жылдары болгон экен.

Депутат Төрөбаев 6 жыл өтсө да, тополоң болсо эле, «бакиевчилер» күнөөлү деп айтышчу сдпкчылар, кайра эле ошол маселени көтөрүүдө, бир адамдын эсебинен депутат болгонсуңар. Анда Кулматов бажыда төрага болгон, Саймаитинин, шылуундун айынан ушундай сөз чыгып жаткандыгын белгиледи.

Жанар Акаев журналисттик иликтөө болсо, маңызын караш керек, ал жерде саясий топтор өз кызыкчылыгына бурбаш керектигин сунуштады.

Спикер Дастан Жумабеков Ирина Юрьевнанын сунушу боюнча комиссия түзулдү, Кой-Таш окуясынын жыйынтыгы чыкканын, талкууга коюларын, кылмыштуулук, контрабанда боюнча парламент унчукпай отуруп калбаганы, депутаттык комиссия түзүлүп, отурум иштери башталганын, комиссиянын жыйынтыгы менен палатага коюларын айтты.

Жумабеков ЖКУУ жыйыны болуп жатканын, ошонджуктан үч структуралары жакынкы жыйынга келе албай каларын, бюджет караларын белгиледи. Сунуш кийинки жумада карала турганын билдирди.

«Азаттык» , «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөөнү жарыялаган.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында 25-ноябрда #REакция аттуу жарандык акция өттү. Катышуучулар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду — түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформа жүргүзүлсүн!» деген талаптарды койду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты