Ленин райондук салык кызматкери пара менен кармалды

  • 4 года мурун

21-ноябрда УКМК 20 миң сом пара алып жаткан учурунда Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери М.А. ны кармады.

Кармалган киши салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча талап кылган.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган кишини үй камагына камоо боюнча баш каргоо чарасы каралды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты