​Чек ара көзөмөл-өткөрүү жайына жакын товарды башкаруу жайы курулууда

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков автомобиль транспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган системанын иши жана «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жайгаша турган товарларды башкаруу боюнча стационардык пункттун курулушу менен таанышты.

Учурда «Чалдыбар-автодорожный», «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына тейлөө пункттары курулууда.

Жакын арада «Чоң-Капка-автодорожный» өткөрмө жайында дагы курулуш иштери башталат. Бул үчүн бюджеттен 40 млн сом каралды.

«Быйыл 3 көзөмөл-өткөрүү жайында автотранспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган динамикалуу системасы орнотулду, өткөрмө жайлар аркылуу каттаган бардык транспорт каражаттарына фото жана видеофиксация жүргүзүлөт.

Көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына товарларды башкаруу боюнча иш алып бара турган 8 кызматты жайгаштырган тейлөө пункттарын куруу иштери жүрүүдө. Маалыматтар фото жана видеофиксация системасы менен автоматтык түрдө онлайн режиминде транспорт жана жолдор министрлигине, мамлекеттик салык кызматына түшүп турат.

Өкмөт 3 пунктту курууга 40 млн сом бөлдү, компания аныкталды. Декабрдын аягына чейин курулуш иштери аяктайт жана объекттер колдонууга берилет. Биз кирешелер бир кыйла көбөйөрүнө ишенебиз», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты