Баш прокурор Жамшитов түрк кесиптеши менен Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча телефон аркылуу сүйлөштү

  • 4 года мурун

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун баш прокурору Мехмет Акаржа менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Жамшитов эки тараптуу кызматташтык тууралуу, тактап айтканда, 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча сүйлөштү.

Бул окуя Кыргызстандын коомчулугунда резонанс жараткандыгы үчүн тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кылмыш иштери боюнча укуктук жардам тууралуу макулдашуунун негизинде тиешелүү маалыматтар менен материалдарды берүүгө макулдашты.

Бул тууралуу баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Коллаж сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты