​27-ноябрда Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келет

  • 4 года мурун

27- ноябрда Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот жана Бишкекте ЖККУга мүчө уюмдардын сессиясы өтөт.

Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда өткөн пресс-конференцияда.

Аталган мамлекеттик сапар эки тараптуу кызматташуунун саясий деңгээлин тастыктаган сапардын мэң жогорку формасы экенин баса белгиледи.

«Казакстандын Президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-казак кызматташтыгынын келечектүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Көп пландуу кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты