​Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкарма башчысы пара менен кармалды

  • 4 года мурун

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басса сөз кызматы маалымдады.

— 2019-жылдын 7-ноябрында Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматына С.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда КР ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы аталган жарандын жолдошу И.Д.га козголгон кылмыш-ишинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 3000 АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылгандыгы айтылган.

Соттук өндүрүштүн материалдары УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

23-ноябрда ИИМ ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чара учурунда талап кылынган паранын бөлүгү, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Н.Б. кармалды.

Кармоо учурунда Н.Б. кылмыш ордунан качууга аракет жасап, жыйынтыгында арыздануучу С.Р. унаасы менен сүзүп кеткенде ыкчам-тергөө тобу тарабынан колго түшкөн. Ошол эле учурда тез жардам чакырылып, арыздануучу бейтапканага жеткирилген. Анын акыбалы канааттандарарлык.

Учурда кармалган адам УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат,-деп айтылат билдирүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты