Түркмөнстан: ИИМ кызматкерлери арыктоого милдеттендирилди

  • 4 года мурун

Түркмөнстан ИИМинде учурда аттестация өтүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, талаптардын бири — кызматкерлердин салмагына байланыштуу.

Полиция кызматкерлери билдиргендей, укук коргоочулардын салмагы 100 килограммдан ашпоосу керек.

«Оозеки көрсөтмөгө караганда, 25-декабрга чейин арыктай албагандар, чинине карабай кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз болору тууралуу бардык полиция бөлүмдөрүнө эскертүү берилген»,-деди “Азаттыктын” кабарчысы.

Учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери дене тарбия машыгуулары менен алектенишүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты