​Сагынбаев: «Журналисттердин иликтөөсү Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турат»

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев “Азаттык”, “Клооп” медиа ресурстары жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) биргелешкен иликтөөсү Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турганын бүгүн, 25-ноябрдагы, пресс конференцияда билдирди.

«Башкы прокуратура 2019-жылдын 22-ноябрында жогоруда көрөтүлгөн фактыны текшерүү максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча (адам өлтүрүүгө ниеттенүү) материалдарды кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.

Кечээ, 2019-жылдын 24-ноябрында, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш УКМК тергөө башкармалыгына тапшырылды жана ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан курамына УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана ИИМдин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Азыркы кезде кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп баса белгиледи Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Айеркен Саймаити Кыргыз Республикасынын жараны эмес экенин Дамир Сагынбаев баса белгиледи.

«Мурдараак укук коргоо органдары маалымдагандай, Айеркен Саймаити мыйзамсыз түрдө Эркин Самятовдун атына паспорт жана ID-картаны алган. Ал бул документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн 2014-жылы алган. Бул факты 2019-жылдын июлунда ачыкталган. Күнөөлүү тарап — Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери экени да аныкталган. Азыр кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда турат. 2019-жылдын сентябрында Айеркена Саймаитиге байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча (КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси) өзүнчө өндүрүшкө алынган», — деп баса белгиледи ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле «Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 700 млн АКШ долларынын өлкөдөн ар түрдүү банктар аркылуу чыгарылып кеткени боюнча материалдарды үстүбүздөгү жылдын июнь айында КР Кылмыш-жаза кодексиинин 215-беренесинде каралган (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) кылмыш белгилери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын белгиледи. («Азаттык» бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин «Миллиондордун изи менен» аттуу иликтөөсүндө айткан).

Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болгон. 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын айтып, мындай каражат кайдан табылганын дагы иликтеп жатканын билдирген.

«Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саймаитинин которуулары боюнча документтери алынган. Андан кийин салык инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Айеркен Саимаитинин иши боюнча 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд 602 млн сом кошумча түрдө киреше салыгын төлөтүү чечими чыккан.

Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Айеркен Саймаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Августтун аягында Айеркен Саимаити Кылмыш жана жаза кодексинин 231-беренесинде каралган (өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу) кылмышты жасагандыгына шектелгендиги жөнүндө сыртынан эскертүү чыккан жана Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 5-августундагы токтому менен аны камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

«Азаттык» , «Клооп» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөөнү жарыялаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты