​УКМК: «Азаттыктын» иликтөөсү тергөө органдарына тапшырылды

  • 4 года мурун

22-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан “Бажыдагы миллиондор: каралоо жана калкалоо» аттуу Kloop жана «Азаттыктын иликтөөсүндөгү» материалдардын жарыяланышы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыш-жаза кодексинин 39-беренсинин 1-б. жана 130-беренесинин 1-б.(адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

— Аталган материалдарды каттоо жана ага карата соттук өндүрүштүн башталышынын негизги себеби Айеркен Саймаитиге карата коркутуулар, ал Түркия мамлекетине качууга аргасыз болгондугу.

2019-жылдын 24-ноябрянда сотко чейинки өндүрүштү алып баруу УКМК башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүлөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.

Учурда ишке маанилүү бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары башталды.

Териштирүү иштерин толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында, «Азаттык», ОССRP жана Kloop маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардагы айтылган адамдардын жана маалыматы бар тараптардын катышуусу менен тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлөт,- деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

Буга чейин иликтөөдө айтылган Айеркен Саймаитини Кыргызстанда өлтүрөм деп коркутуу жана ЖМКда иликтөө катышкан журналисттерди коркутуу тууралуу билдирүүлөрү боюнча кылмыш кодексинин 39 жана 130 – беренеси, өлтүрүү үчүн коркутуу беренеси менен баш прокуратура кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирген

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты