​Стамбул шаарында кыргыз-түрк бизнес-форуму өттү

  • 4 года мурун

Стамбул шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өттү.

Бул тууралуу өкмөттун маалыматтык кызматы кабарлады.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жөнүндө 6 меморандумга кол коюлду.

Бизнес-форумдун ишине биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуата Октая катышты.

300дөн ашуун ишкерлер катышкан иш-чара Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана Түркиянын Соода палаталарынын жана товардык биржаларынын биримдиги тарабынан DEIK жана Түркиянын Экспортчулар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Боронов өз сөзүндө форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык дарамети тууралуу айтып берип, түрк ишкерлерин инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар өтүп, анын катышуучулары гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо, башкаруунун жаңы ыкмаларын жана өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестицияларды тартуу жана кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда кызматташуу жана инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө 6 Меморандумга кол коюлду.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты