​Адамдын улуулугу- анын жөнөкөйлүгүндө

  • 4 года мурун

Адамдын улуулугу- анын жөнөкөйлүгүндө. Бул сөздөр Турдакун Усубалиевди мүнөздөп турат.

Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата 22-ноябрда Кочкор районундагы иш-чарада билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Турдакун Усубалиев сыяктуу эмгек сиңирген ар бир адамдын салымы өз баасын алат.

«Союздук деңгээлдеги партиялык жана мамлекеттик ишмерлер Никита Хрущев, Леонид Брежнев, Константин Черненко, Юрий Андропов, Михаил Горбачев менен тыгыз иштешкен Турдакун Усубалиев биздин республиканы жетектеп турду. Бул ири өзгөрүүлөр жана сыноо мезгили болду» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр союздук республикалардын ортосунда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү сындуу советтик саясий системанын күчтүүлүгүн белгиледи.

«Турдакун Усубалиев уюштуруучулук жөндөмү жана жеке сапаттары менен Кыргыз ССРинин позициясын бекемдей алган. Ал кезде саясаттын өзүнүн өзгөчөлүгү бар болчу.

«Ошол учурда республикага мал чарбасы менен союзга чийки затты камсыздоо ролу бөлүнгөн. Бирок Турдакун Усубалиев токтоп калган – «застой» мезгилин туура пайдаланган. Ал өлкөнү – агрардык-индустриалдык өлкөгө айландырган. Ал жетекчилик кылган жылдары өнөр жай, машина куруу, турак жай курулуш, гидроэнергетика активдүү өнүккөн», — деди ал.

Сүрөт: Иш-чаранын жүрүшү. Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты