Кочкор районунда жаны мектеп ачылды

  • 4 года мурун

Кочкор районунун Комсомол айлында жаңы мектеп ачылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районунун Комсомол айылындагы мектептин ачылыш салтанатына катышты.

«Бүгүн дагы бир жалпы билим берүү мекемеси ачылууда. Мен ушул жайдан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган көп патриоттор – келечектеги технологдор, инженерлер, IT-адистер өсүп чыгарына ишенем» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

С. Өмүрбаев атындагы орто мектеп буга чейин 2 корпустан турчу. Булардын экөө 2006-жылы болгон жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келген. Жалпы суммасы 51 млн сом болгон, 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Бул заманбап билим берүү мекемесинде бардык шарттар түзүлгөн. Мектептеги 393 окуучуга 35 мугалим сабак берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты