​Бекешев иликтөө боюнча: «Парламент өкмөттү кызматтан кетириши керек»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөө тууралуу пикири менен бөлүшүп жатып, анда айтылган фактыларга байланыштуу парламент өкмөттү кызматтан кетириши керек экенин билдирди.

Ал муну учурдагы өкмөттөн ишеним кеткени менен түшүндүрдү:

— Биринчиден, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Анткени бул иликтөө өтө олуттуу болду.

Экинчиден, баш прокуратуранын, финансы полициясынын, финчалгын кызматынын, УКМКнын жана бажынын жетекчилерин кызматтан кетириш керек.

Алардын ордуна коомчулук ишеним арткан кишилерди алып келиш керек. Жаңы адамдар келгенден кийин биз аларга расмий иликтөө жүргүзүү тууралуу талап коёбуз.

Эми кылмыш иштерин козгоп, бардыгын далилдеп, керек болсо соттош керек. Биз, депутаттар өкмөттү кызматтан кетиришибиз керек. Анткени өкмөткө болгон ишеним жоголду. Алар эми эч нерсе кыла албайт, -деди Бекешев.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген.

Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты