Абылгазиев Нарын облусуна барат
- 4 года мурун
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат.
Бул тууралуу өкмөттүң маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.
Ал ошондой эле Комсомол айылында Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Кочкордогу социалдык жана маданий объекттерди кыдырат.
Муну бөлүшүү