​Айтылуу акын Николай Добронравов 91 жашка чыкты

  • 4 года мурун

Россиянын Президенти Владимир Путин СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, айтылуу акын Николай Добронравовду бүгүн, 22-ноябрда, 91 жашка толушу менен куттуктады.

Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылганын РИА Новости агенттиги билдирди.

«Александра Николаевна Пахмутованын жана башка композиторлордун музыкасына айкалышкан саптар адамдын жүрөгүнө тунук сезимдерди — адамдык парасат, чыныгы достук жана сүйүүнү, Мекен үчүн сыймыкты арттырат» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Анын айтымында. Добронравовдун ыр саптарында Россиянын тарыхы, замандаштардын каармандыгы жана ийгиликтери чагылдырылат.

Николай Добронравовдун ырларын Александра Пахмутованын музыкасы коштогон «Я не могу иначе»- «Мен башкача боло албайм», «Трус не играет в хоккей» — «Коркоктор хоккей ойнобойт», «Птица счастья -«Бакыт кушу» «Не расстанусь с комсомолом» — «Комсомол менен коштошпойм» ж.б.көптөгөн ыр саптары мурдагы СССр олкөлөрүндө гана эмес,, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири таралганын кошумчалап кетели.

Мындан тышкары көптөгөн башка композиторлордун ырынын сөзүн Добронравов жазган.

Сүрөттө: Добронравов жана Пахмутова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты