​Окуучуларга сүрөт түшүрүү ыкмасын үйрөткөн мугалим (Видео)

Макиш Койбагаров атындагы мектептин мугалими Нурила Сүйменкулова балдарга кийиз менен сүрөт түшүрүү өнөрүн үйрөтөт.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Нурманбет айылынын Макиш Койбагаров атындагы мектептин окуучуларына этно бөлмө катары мектеп директору бир бөлмө бөлүп берген.

Бөлмө ичи курак, кийиз оюнчук, боз үй, шырдак, саймалуу туш кийиз, көз жоосун алган сүрөттөр менен курчалган. Ар бир эмгектин өз аталышы бар: шырдак,жаңы боёлгон жүн, оймо түрү,шуру менен боёлгон сүрөт, сайма менен тартылган сүрөттөр …

Эмгектердин көбү мектептин көркөм өнөр сабагынын мугалими Нурила Сүйменкуловага таандык. Ал мектепте 30 жылдан бери эмгектенет.

Нурила Сүйменкулова илинүү сүрөттүн ар биринин ким жана кантип тартканын айтып берди.

-Бала кезде апамдан кол өнөрчүлүктү үйрөнүп алгам. Ал кезде жүн толтура. Жүндү ыргытпай, баарын керектечүбүз. Кийин шыгыма шараша жүн менен иштей баштадым. Учурда “сүрөт түшүрүү” деген ыкманы колдонуп атам. Мектептеги балдарга да үйрөттүм. Бул ыкманы колдонууда бизге кийиз, ийне, түстүү жүн керек. Боёлгон, даяр жүн сатып алам. Ийнеси өтө сапатсыз болот, бат эле сынат, кылдат мамиле кылыш керек.


Биринчи кийизди жайып, үстүнө сүрөт тарттырам да, сүрөттү кайра түстүү жүн менен бастырып, ийне менен сайып бекитем. Ошондо гана сүрөткө түстүү жүн менен жан беребиз. Бул иш менен алектенгенден бери алдыга умтулуу болуп атат. Көчмөндөр оюнуна, жарманке, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды алдык. Сүрөттөрдү башында белекке берчүмүн. Азыр болсо, сатып атам. Баасы ар кандай, 300- 1000 сомго чейин,- дейт Койбагарова.

Окуучуларды кол өнөрчүкүккө үйрөтүү жана сүрөт тартуу боюнча ийримди да Нурила эжей жетектейт.

— Мектеп директору Улан Бекжанов мага ушул ийримди ачып берди. 24 окуучу окуйт. Биринчи сүрөт тартканды, кыздарга тиккенди, сайма сайганды , кийиз бычканды үйрөтөм. Баарын өздөштүгөндөн кийин гана “сүрөт түшүрүү” ыкмасына өтөм. Бул ыкманы көбүнчө кыздар бат үйрөнөт. Балдар болсо сүрөттү кийизге түшүрөт, кыздар ага жан киргизет. Мыкты сүрөтчүм — Жайдар. Ал портрет, натюрморт , пейзаж баарын тартат. Аяна болсо аларга жан берет. Үстүн түстүү жүнменен каптап, ийнелеп чыгат. Окуучуларымдын көбү бул ыкманы өздөштүрүп калды. Үйрөнүш бат эле.

Мына ушул ыкманы окуучуларга гана эмес. Кыз- келиндерге, айрыкча үйдө отурган үй кожейкелерине үйрөтсөм деген максатым бар. Жакында аялдар конгресси менен бирге долбоор жаздым, жүн тазалап иштетүүчү жабдык алалы деп. Алсак, айылга ишкана ачалы деп турам, — дейт мугалим.

Ырысбү Кылычбек кызы, Айгүл Молдоканова, «ПолитКлиника» медиасы

Фото жана видео: авторлордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты