​Саймаити боюнча парламент комиссиясына чуулгандуу окуяда аты аталган депутаттар да кирди

  • 4 года мурун

Депутат Алтынбек Сулайманов Түркияда киши колдуу болгон, Кыргызстанда ишкерлик кылган кытайлык жеке ишкер Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушун кечээ, 21-ноябрда билдирген.

Ал сунуш өтүп, депутаттык убактылуу комиссия түзүлдү. Бирок тан калычтуусу, Саймаитинин чуулгандуу окуясынын тегерегинде сөз болгон депутаттар да депутаттык убактылуу комиссиянын курамына киргизилгени болду.

Социалдык тармактарда Саймаитинин тегерегинде депутаттар Алтынбек Сулайманов, Искендер Матраимов, Төрөбөй Зулпукаров, Дүйшөн Төрөкулов ж.б. аттары аталууда.

Комиссияга кимдер кирди?

— СДПК — Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов;

— «Республика»-Ата-Журт»: Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов;

— «Кыргызстан» -Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов;

— «Өнүгүү»-Прогресс» — Тынчтык Шайназаров;

— «Бир Бол»- Алтынбек Сулайманов;

— «Ата Мекен» — Алмамбет Шыкмаматов.

Бул курамды 106 депутат колдоду.

Кытайлык жеке ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдан өлтүрүлгөн. Ага байланыштуу Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.

КР Тышкы иштер министрлиги ведомстволор аралык комиссия түзүп, анын ишин текшерүүгө ала турганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты