Жээнбеков: “Жогорку адеп-ахлактык коомду түзүп, мекенчил жаштарды тарбиялоодо бирге аракеттенишибиз керек”

  • 4 года мурун

«Терс факторлорду натыйжалуу жеңип, жогорку адеп-ахлактык коомду түзүп, мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн биз бирге аракеттенишибиз керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-ноябрда, Бишкекте өткөн «Ислам жана православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчы иш-чара Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдарынын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулганын белгиледи.

Ал дин жана маданият чек араны билбей турганын өзгөчө белгиледи.

«Биздин жалпы тарыхыбыз бар, элдерибиздин менталитети окшош. Биздин коомдордун руханий багыты да окшош. Тилекке каршы, акыркы он жылдыктар арасында биздин бардык мамлекеттерде материалдык баалуулуктардын артынан түшүп, руханий, адеп-ахлактык, моралдык жана этикалык нормаларга залал келтирген көрүнүштөргө туш болду», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты