​Электромобил чыгарууну каалаган инвесторлорду салыктан бошотуу сунушталды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда электромобил чыгарууну каалаган инвесторлорду салыктан толук бошотуу боюнча сунуш киргизилүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Нурбаев белгилегендей, сырттан ташылып келген машинелердин 90% 10-15 жыл пайдаланууда болгон.

— Алар эски экологиялык стандарттар боюнча чыгарылган. Анын үстүнө «Кыргызстанда жеке пайдалануудагы автоунааларды техникалык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өткөрүү» деген талап жоюлган, — дейт депутат.

Эгер сунушталып жаткан демилге колдоо тапса, сырттан ташылып келген жана Кыргызстанда өндүрүлө турган электромобилдерге, кубат берүүчү станцияларга жана алардын тетиктерине салык жактан жеңилдиктер берилиши зарыл болот.

— Бул жарандарыбызга электромобил сатып алууга стимул болуп, атмосферанын булганышын азайтат, — дейт Нурбаев.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча, өткөн ишемби күнү, 16-ноябрда Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты