​»Апрель” телеканалына эфирге чыгууга уруксат берилди

  • 4 года мурун

“Санарип технологиясы” жоопкерчилиги чектелген коому “Апрель” телеканалына эфирге чыгууга уруксат берди.

Бул тууралуу чечим “Санарип технологиясы” ЖЧКсынын жалпы жыйынында кабыл алынганы «Апрель» телеканалынын сайтында жазылды. Мындан тышкары 7-каналдын да уктуруусуна уруксат берилгени белгиленди.

Чечим купуя добуш берүүнүн негизинде кабыл алынган.

Эскерте кетсек, “Санарип технологиясы” телеберүүнүн жеке оператору. Анын курамында 21 каналдын 21 катышуучусу бар. Анын ичине 7-канал жана “Апрель” телеканалы кирет.

“Апрель” каналы эфирге даярдык көрүп жатканын билдирди. Анын эфири кийинки шейшембиде, 26-ноябрда чыгаары эскертилди.

9-августта, «Апрель» телеканалы жабылган. «Апрель» телеканалынын жабылышы боюнча телеканалдын директору Дмитрий Ложников фейсбук баракчасына минтип жазган:

-«Медиа» форум имаратына 9-августта, саат 20:00 дө Улуттук коопсуздук комитетинин 15 тей атайын кызматтагы адамдары келишти. Бардык кызматкерлер имараттан чыгарылды», -деп билдирген Дмитрий Ложников.

Ички иштер министрли ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жаткандыгын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты