​Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашабыз дешкенби?

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун Азиз Батукаевдин иши боюнча беттештирүүсүнүн протоколу жарыяланды.

Документ 2019-жылдын 21-августунда толтурулган. Беттештирүүнү ИИМ тергөөчүсү Эркинбек Аширкоджаев жүргүзгөндүгү белгиленген.

Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берүүдөн баш тарткандыгы айтылат.

Протоколдо Шамил Атаханов буларды айтып бергендиги келтирилет:

«Мамлекет башчы Ж, Бакиевди экстрадициялоо маселесин коё баштады. Экстрадициялоонун мыйзамдуу жолдору калбай калгандан кийин, кандайдыр атайын операция жүргүзүү тууралуу сөз болду.

Мен бул маселени кызматкерлер менен иштеп чыгайын дедим.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин «бул маселени өз күчүбүз менен аткара алабыз, бирок каражат бөлүп берүү керек» экенин айттым. Ошону менен бул маселе Президенттин кароосунда калды» деген Атаханов.

Андан кийин УКМК башчысы Шамил Атаханов Кыргызстанга Рамзан Кадыровдун (Чечен президенти) жакыны Россия Думасынын депутаты Адам Делимханов келген.

Шамил Атаханов Делимханов менен жолукканын билдирет.

Делимханов Батукаевдин ооруп жатканын, мыйзам боюнча оорулуу киши абактан чыгарылыш керектигин айткан. Бирок Атаханов Батукаевдин сыркоо экенин далилдеш керектигин билдирген.

Шамил Атаханов Жаныш Бакиевди алып келүүгө көмөк көрсөтө алса, Батукаевди бошотууга болорун айткан.

Россия Думасынын депутаты Адам Делимханов ошол замат жооп бербей, жообун кийинчерээк билдиргени айтылат. Ал Жаныш Бакиевди экстрадиция кыла ала турганын, бул иш үчүн Батукаевди бошотууну суранышарын билдирген.

«Бул вариант тууралуу мен Президент А. Атамбаевге билдирдим, анда А. Батукаевдин ден соолугун жана Кыргызстандын криминалдык абалына таасирин айтып бердим» деп жазган Шамил Атаханов.

Бирок Атаханов Батукаевдин оорусу түрмөдөн бошотууга негиз болбой турганын белгилеген.

Шамил Атаханов УКМК тергөөчүсү М. Бекеновго Батукаевди бошотуу боюнча анын оорусуна тиешелүү себеп табуу керектигин белгилейт. Бул атайын операция болчу деген Атаханов.

Анын айтымында, Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевдин топторунун ортосунда карама-каршылык күчөп жатканын билдирген.

Батукаев 2011-жылы бардык абактарда бунт уюштурган.

«Мамлекет башчыдан жогорудагы операцияны жүргүзүүгө уруксат алынган, ошондой эле мамлекет башчы чечен тарап макулдашууну аткарарына кепилдик барбы деп сураганын белгилейт. Бул күмөндү Делимхановго айткам» деген Атаханов.

Адам Делимханов Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө, өз милдетин аткарууга убадасын айтарын билдирген.

Кийин эки мамлекет башчы бул тууралуу сүйлөшкөнүн Делимханов билдирген.

Атаханов айткандай, Алмазбек Атамбаев Батукаевди бошотуп, ордуна Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча тапшырма берген.

Бул иштер УКМК тергөөчүсү М. Бекенов аркылуу ишке ашырылганын айтат.

Шамил Атахановдун айтуусунда, чечен тарап өз милдеттерин аткарган эмес.

Себеби бул тууралуу Жаныш Бакиевге маалымат жетип, ал Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Протоколго Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев, ошондой эле Шамил Атаханов жана адвокаты Султан Баратов кол койгон. (Документ жети беттен турат).

Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 29-ноябрга жылдырылган

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты