Депутат Туманбаева кыздар мушташынан улам бошотулган мугалимдерди кайра кызматына коюуга чакырды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Рада Туманбаева Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жаӊы-Жол айылында 18-ноябрда болуп өткөн окуяга адилеттүү териштирүү зарылдыгын айтып чыкты.

«Мектеп аймагынан тышкары жерде болгон кыздардын жапырт мушташуусуна көӊүл бургум келет. Бирок эмнегедир бул кырдаалга мугалимдер күнөөлүү болуп чыкты. Бул жерде ошол мушташка катышкандардын өздөрүнүн, алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги каралган эмес»,- дейт депутат.

Депутат Туманбаева аталган окуяны териштирүүдө 4 адам кызматынан алынгандыгына токтолду.

«20 жылдык эмгек стажысы бар мектеп директору Бурулай Мураталиева, 30 жылдык стажысы бар мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Урмат Абдыкеримов, көптөгөн жыл педагогикалык тажрыйбага ээ мугалимдер Жумаян Дөөлөтова менен Жээнайым Надырбекова кызматынан алынды. Чечим кабыл алууда эмне үчүн алардын көп жылдык тажрыйбасы, билим берүүгө кошкон салымдары эске алынган эмес?» деп, депутат тармактык министрликти аталган төрт мугалимди кызматына кайра коюуга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты