​Депутат Сулайманов: “Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу мени каралаган күчтөр көбөйдү”

  • 4 года мурун

Депутат Алтынбек Сулайманов бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында уйгур тектүү Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссия түзүү сунушун билдирди.

-Саймаитинин өлүмүндө көп жаңы, сырдуу нерселер ачылып жатат. Ошого байланыштуу депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр күчтөр көңүлдү өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Ошондуктан бул маселени иликтеп, Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, Кыргызстандын паспортун кантип алган, кыргыздын дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал кимдер менен жакын жана кимдер менен душман болгон, ушулардын баарын иликтеш үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм.

Ошол депутаттык комиссия Түркиянын парламенти, тергөө органдары менен байланышып, барып келиши керек,-деди Сулайманов.

Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушун депутаттар Жанар Акаев жана Төрөбай Зулпукаров колдоду.

Кытайлык жеке ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдан өлтүрүлгөн. Ага байланыштуу Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.

КР Тышкы иштер министрлиги ведомстволор аралык комиссия түзүп, анын ишин текшерүүгө ала турганын кабарлаган.

Айеркен Саймаити аттуу жеке ишкер «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган.

Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты