Аксы райондук билим берүү бөлүм башчысы кызматынан бошотулду

  • 4 года мурун

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.М. Зиябекова билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы буйругу менен “Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жетекчи окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзгөн эмес. Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбагандыгы эске алынды» деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосунда мушташуу катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты