Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулунун өкүмүн өзгөрткөн жок

  • 4 года мурун

Кыргызстандын Жогору соту парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Иш 19-ноябрда каралганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен 10 жыл бою жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөйт.

Дамирбек Асылбек уулу жазасын өтөп бүткөндөн кийин беш жыл бою Казакстанга кире албайт. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Баш прокуратурасы Жогорку сотко Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин аткаруу тууралуу сунушун берген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты