Кыргызстанда активдүү калктын 68% ын аялдар түзөт

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер айымдар дүйнөлүк күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияда аялдардын активдүүлүгүн айрыкча белгиледи.

Абылгазиев белгилегендей, өлкөдө экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт.

Тигүү тармагында иштеген айымдар 90% түзөт.

Тейлөө тармагында 402 ишкана бар болсо, анын 40%дан ашыгы аялдардын ишканасы.

Билим берүү тармагында: өлкө боюнча 74 миң мугалим болсо, анын 69 миңин дээрлик 90%ын аялдар түзөт. 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701 же 70% аялдарга таандык.

Айыл чарбасында 5 миңден ашык чарбалык ишканалар болсо, анын 40%ын аялдар ачкан ишканалар», — деп билдирди ал.

Премьер-министр өз сөзүндө конференцияга катышып отурган Борбор Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы президент аял – Роза Отунбаеваны да белгилеп өттү.

«Бул катардагы ченем болуп калган. Советтик мезгилде биз трактор айдап, социализмди курган аялдар менен сыймыктансак, бүгүн биздин кымбаттуу айымдарыбыз мамлекеттин жашоосунун дээрлик бардык чөйрөлөрүнө тартылган. Ата мекендик экономикада ИДПдагы ишкерликтин үлүшү 42%, тейлөө кызматтары чөйрөсүндө – 44%. Бул экономиканын аялдар басымдуулук кылган тармактары. Калктын 60%ы айыл чарбасына тартылган деп айтуу менен биз мында аялдар башкы кыймылдаткыч күч экенин так ырастай алабыз.

Өзүңүздөр билдигендей, сүт азыктарын өндүрүү экспортко багытталган ийгиликтүү ата мекендик бренддердин бири болуп саналат. Бул тармакты үзүрлүү жана жагымдуу кылган дал ушул сиздер — айымдарсыздар», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, аялзатынын ролу өзгөчө жогору болгон экономиканын дагы бир тармагы – бул туризм.

«Өкмөт өлкөнү экономикалык өнүктүрүү стратегиясын түп тамырынан өзгөртөт, бул тууралуу бир нече ирет айтылган. Өздүк резервдерге жана колдо болгон адамдык дараметке багыт алуу – биздин коомдун бакубатчылыгын мен ушундан көрүп турам. Бул стратегияда өзгөчө орун аялдарга берилген», — деди Премьер-министр.

2019-жылдын 1-январына карата республика калкынын 3 млн 154 миңин – аялдар, 3 млн 101 миңин – эркектер түзөт. Анын ичинде аялдар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде – 16%, жергиликтүү кеңештерде – 10%, муниципалдык кызматта – 37%, мамлекеттик кызматта – 42% аялдар иштейт. Саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө иштеген аялдар басымдуулук кылат.

Сүрөттөр: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты