Кыргызстандык студенттердин калганы Гонконгдон 21-22-ноябрда чыгарылат

  • 4 года мурун

Сянгандан (Гонконг) кыргызстандык 27 студент чыгарылды.

18-19-ноябрда Сянгандан (Гонконг) кыргызстандык 27 студент чыгарылды. Калган студенттер 21-22-ноябрда чыгарылат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алардын айтымында, студенттер Бишкекке Алматы жана Москва аркылуу учуп келген.

Гонконгдо нааразылык акциялар быйыл жайында башталган. Алгач нааразы болгондор кылмышка шектүүлөрдү Бээжинге өткөрүп берүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарууну талап кылып чыгышкан.

Бийлик бул тарапты аткарганына карабастан, активисттер акция маалындагы полициянын аракеттери боюнча иликтөө, кармалгандарды бошотуу, автономиянын башчысы Кэрри Ламды кызматтан кетирүү жана Бээжинден көз карандуулукту азайтуу талаптарын айтып келишет.

Нааразылык акциялар башталгандан бери Гонконг администрациясы автономияда бир нече чектөөлөрдү киргизген. Алсак, октябрдын башында беткап кийип жүрүүгө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты