Шашылыш билдирүү: Жаан жана кар жаашы күтүлөт

  • 4 года мурун

Кыргызстанда бүгүн, 20-ноябрда, эртең менен жана күндүз жана 21-24-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты