​Көмүрдүн баасы канча болуп жатат?

  • 4 года мурун

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы көмүрдүн баасын коюу укугуна ээ эместигин билдирди. Мындай укукка монополияга каршы мамлекеттик агенттик ээлик кылат.

Кара-Кечеден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы 1330 сомду түзөт. Аймактарга ташып жеткирип берүүнү жеке менчик компаниялар тейлейт.

Ар бир кардар жеткирүү кызматы үчүн каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарат. Жеткирүү акысы жай мезгилинде 1200 сомду түзсө, кышында 2000 сомго чейин өсүүдө.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын башкы милдети көмүр казып чыгаруу жана ЖЭБ (жылуулук электр борборун), бюджеттик, социалдык мекемелерге, калктын керектөөсүнө жетишээрлик көмүр казып даярдоо болуп саналат.

Өлкө боюнча көмүр кампалары жана сатып алуу пункттарынын жалпы саны 587 ни түзөт.

1 тонна көмүрдүн баасы:

Чүй облусу — 2750-4500 сом;

Нарын обл. -1800-3800;

Талас обл. – 3500 -4200;

Ысык-Көл обл. -2800-5600;

Бишкек шаары- 3400-3900;

Жалал-Абад – 3500-6500;

Ош обл. -2300-5000;

Баткен обл. -3600-5000;

Ош шаары – 5000-6800 сом.

Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты