​Кыргызстанда 345 айыл таза сууга муктаж

  • 4 года мурун

Таза суу“ долбоорун ишке толугу менен ашыруу — негизги максатыбыз» деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу форумунда.

— 2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет.

2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл.

Анын ичинде 207 айылга каржылоо булактары аныкталган.

Каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар, аларга таза суу киргизүү үчүн жалпысынан 481 млн. долларга жакын же 34 млрд. сом талап кылынат.

Бул каражаттын 450 млн. доллары донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталды,- деп билдирди Жээнбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты