Футбол таймашына байланыштуу Бишкекте жол кыймылы чектелет

  • 4 года мурун

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан менен беттешет. Ага байланыштуу борбордо жол кыймылына чектөө киргизилет, айрым көчөлөрдөгү унаа кыймылы саат 17:00 дөн бавштап жабылат.

Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн саат 17:00 дөн баштап, оюн аяктаганга чейин Тоголок Молдо көчөсү- Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү-Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы жол кыймылынын башка багыттарын тандап алууну өтүнөт.

2022- жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо турунун экинчи айлампасы башталат. Оюн саат 20: 00 дө башталат.

Сүрөт: КР ФФ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты