«Кыргызкөмүр» эки КамАЗ арасына кыпчылып, киши каза тапкан окуя карьерден сырткары жерде болгонун билдирди

  • 4 года мурун

Жумгалда 15-ноябрында болгон кырсык тууралуу “Кыргызкөмур” мамлекеттик ишканасы буларды билдирди:

— Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуучу 14 компания иштейт.

Кырсык Кара-Кечеде “Кыргызкөмүр” ишканасы иштетип жаткан “Борбордук” деп аталган карьерден сырткары жерде болгон.

Көмүр алынуучу жерде жүк алууга келген автотранспорттун бирдиктүү каттамы, көзөмөл-өткөрмө пунктуна кирүү жана андан чыгуу тартиби бекитилген.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын коопсуздук кызматынын кызматкерлери нөөмөттө туруп, ишке тиешеси жок кишилерди киргизбейт.

“Кыргызкөмүр” ишканасы каза тапкан кишинин жакындарына көңүл айтат. Ошондой эле бардык айдоочуларды жол эрежесин жана кезекти сактоого, көмүр кенине кире бериш жерде жол тыгынын жаратпоого чакырат, -деп билдиришти «Кыргызкөмүр»ишканасынан.

15- ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 30 жаштагы тургуну эки КамАЗ машинесинин ортосуна кыпчылып, аны айдоочулар чаңдан улам көрбөй калып, каза тапкан.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын райондук филиалынын шлагбаумунун ичинде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургуну Ж.С. жана өзүнүн «КамАЗ» унаасын жана Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган тургуну А.Р. да «КамАЗ» унаасын айдап бара жатканда Түгөл-Сай айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.у.Б. айдоочуларга жол көрсөтөм деп унаалардын ортосунан чуркап бара жатып, эки унаанын ортосунда кыпчылып калгандыгы жана ооруканага бараткан жолдо каза тапкандыгы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты