Бул жумада жаан, тоолордо кар жаашы күтүлөт

  • 4 года мурун

Синоптиктердин маалыматына таянып, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бул жума ичинде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрун билдирди.

18-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
19-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт.

Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт.

21-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
22-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-ноябрда жана 24-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 24-ноябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты