Ширин Айтматова экс-баш консул Сопоков менен киши колдуу болгон Айеркен Саймаитинин байланышын таап чыкты (Видео)

  • 4 года мурун

«Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова жана журналисттер Айганыш Айдарбекова, Болот Темиров Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен Стамбулда колдуу болгон, Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон доллар каражатка тиешеси бар делген Айеркен Саймаити аттуу жеке ишкер менен байланышы болгонун иликтеп чыгышты.

Алар социалдык түйүндөр аркылуу бул күмөндүү байланыштын бетин ачышты.

Эркин Сопоков Айеркен Саймаити менен мурда тааныш экенин Ширин Айтматова жана анын командасы фейсбук баракчасы аркылуу тапкан. Социалдык түйүндө Сопоковдун Эркин Семет аттуу досу болгон. Эркин Семет болсо «Рамадан туризсм» аттуу фирманы жарнамалап турган. Бул фирмага ошол кездеги башкы консул Эркин Сопоков Саймаити өлтүрүлгөн жерде болгон Range Rover машинасын сатуу үчүн берген.

Ал эми Эркин Семет-Айеркен Саймаити «Рамадан туризм» фирмасын жетектеген.

«Азаттык» радиосунун «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдан өлтүрүлгөн.

Ошол кабар Кыргызстанга жетээри менен Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.

Бирок расмий түрдө анын кызматтан бошотулушунун себеби ачыкталган эмес.

КР Тышкы иштер министрлиги анын ишиндеги бир катар кемчиликтерди, анын ичинде Сопоковдун машинанын дипломатиялык номерин өз убагында тапшырбаганын белгилеп, бир катар ведомстволордон турган комиссия түзүп, анын ишин текшерүүгө ала турганын кабарлаган.

Айеркен Саймаити аттуу жеке ишкер «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен Айеркен Саймаитинин байланышы тууралуу кененирээк Ширин Айтматованын иликтөөсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты