Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктайбыз!

  • 4 года мурун

Бүгүн, 16-ноябрда, Президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Мамлекет башчы бүгүн 61 жашка чыкты.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында. туулган

Президентти мамлекет башчылар куттуктап жатат.

Россия Президенти Владимир Путин Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин кыргыз-россия күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди жана эриш-аркак диалогду улантууга даяр экенин тастыктады.

Россия Федерациясынын Президенти Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Президентти Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан-Шавкат Мирзиёев, Тажикстан- Эмомали Рахмон. Беларсуь-Александр Лукашенко, Армения-Армен Саркисян, Азербайжан-Ильхам Алиев. Түркмөнстан-Гурбангулы Бердымухамедов, Кытай-Си-Цзинпинь, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия өкмөт башчысыс Дмитрий Медведев куттуктады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты