​Тажикстанда семирүүгө каршы программа кабыл алынды

  • 4 года мурун

Тажикстанда семирүүнүн алдын алуу боюнча 2024-жылга чейин атайын программа кабыл алынды.

Өкмөт жыйынында жарандардын ашыкча салмагы тууралуу маселе каралып, саламаттык сактоо министри Насим Олимзода бул көйгөй кылдат көңүл бурууну талап кыларын айтты.

Тажикстандын медицина кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөгө караганда, өлкө калкынын 17 пайызы ашыкча салмактан жана 11 пайызы семиздиктен жапа чегүүдө. Сурамжылоого ылайык, өлкөдөгү өспүрүмдөрдүн 5 пайызы ашыкча салмакка ээ.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанга калктын жашоо образын кайра карап чыгууну сунуштаган. Уюмдун маалыматына караганда, бир суткалык рациондун 50 пайызын жашылча-жемиш түзүшү керек, ал эми бир жумада 150 мүнөттөн кем эмес физикалык көнүгүү талап кылынат.

Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө калкы ун азыктарынан жасалган тамак-ашты көп пайдаланарын белгилөөдө. Төрөт курагындагы аялдардын 7% семиздик менен 42% ашыкча салмак менен жабыркайт.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 2016-жылы ашыкча салмак менен күрөшүү өнөктүгүн баштаган. Белгилеген нормага ылайык, 168-170 сантиметр бойго ээ милиция кызматкерлеринин салмагы 75 килограммдан ашпашы керек. Бул талапты аткара албаган айрым тартип сакчылары жумуштан бошотулган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты