​Балыкчыда «мыйзамсыз арак чыгарды» деген компания жооп берди

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) Балыкчы шаарынан мыйзамсыз даярдалган 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы алынганын билдирген.

Анда аты аталган «Балыкчы Алко Трейд» компаниясы айтылгандарга комментарий берди:

-«Биринчиден, «Алко Трейд» ЖЧК лицензиясы убактылуу токтотулган. Экинчиден, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Этил спирти, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны көзөмөлдөөнү жөнгө салуу башкармалыгынын лицензиялык комиссиясынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы чечиминин негизинде лицензия кайра жаңыртылган».

Аталган компания мамлекеттик салык кызматы жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы компаниянын документтери менен таанышпай туруп, чыгарылган продукция контрафакт болуп эсептелет деп ЖМКга маалымат тараткан деп белгилейт.

«Балыкчы Алко Трейд» компаниясы «Татспирт» АК менен бирге өлкө бюджетине 3 млрд сомго чейин акциз салыгын төлөөгө милдеттенгенин да кошумчалады.

Превью: Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты