Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат

  • 4 года мурун

Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

— Турмушта жашоосу кыска болсо да, элдин эсиндеги өмүрү узун, мекен үчүн өтө чоң, бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек өтөгөн инсандар унутулбайт. Бүгүн биз 80 жылдык мааракесин белгилеп жаткан улуу сүрөткер, орошон таланттын ээси, калкыбыздын сыймыгы Сүймөнкул Чокморов ошондой адам эле… Ал чыныгы адамдык асыл сапаттарга, терең акылга, күчтүү эркке, жигиттик кайратка ширелген, өзгөчө инсандын үлгүсүн көрсөттү, — деди мамлекет башчы.

Кыргыз киносунун тарыхында «Эң мыкты актер» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган.

Ал 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. Сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты